Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:19

3-январга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Аба ырайын алдын ала маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча январдын үчүндө Жалалабад, Ош, Баткен облустарынын кээ бир жерлерине кар жаап, туман түшөт. Калган аймактарда кар жаашы күтүлбөйт.

Абанын температурасы:
ТАЛАС аймагында түнкүсүн -9…-14 градус суук, күндүз -2 градус сууктан +3 градуска жылуу.
ЧҮЙДӨ түнкүсүн -7…-12 градус суук, ал эми күндүз -1 градус сууктан +4 градуска чейин жылуу
БАТКЕН, ЖАЛАЛАБАД, ОШ облустарында түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүз 0…+5 градус жылуу.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн -1…-6 градус, чыгыш тарабында болсо -5тен…-10 градуска чейин суук болот, күндүз 0…+5 градус жылуу.
НАРЫНДА түнкүсүн -14…-19, күндүз -4…-9 градус суук.
БИШКЕК шаарында кар жаашы күтүлбөйт. Мезгил-мезгили менен туман түшүп турат. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10 градус суук, ал эми күндүз 0…+2 градуска жылуу болушу күтүлөт.


Кабарлар топтомун Бакыт Аманбаев даярдады

Редактору Султан РАЕВ

XS
SM
MD
LG