Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:45

Ирандын өкүлү Ирактагы кырдаалга арналган эл аралык конференцияга катышпайт


Ирандын тышкы иштер министри Камал Харази 4-январда Иорданиянын борбору -Амман шаарында өтүүчү Ирактагы кырдаалга арналган эл аралык жыйынга катышпай турганын билдирди. Өткөн жумада Иорданиянын падышасы Абдулла расмий Тегеранды Ирактын ички ишине кийлигишип жатат деп айыптаган эле. Ага жооп кылып Иран аталган жыйынга катышуудан баш тартты. Бул жыйынга Иракка коңшу 6 өлкөнүн, тактап айтканда Иорданиянын, Түркиянын, Сириянын, Сауд Арабстандын, Кувейттин жана Ирандын тышкы иштер министрлери катышуусу күтүлгөн. Жыйындын башкы темасы -Иракта 30-январда өтүүчү шайлоого даярдык көрүү маселеси болмокчу.

XS
SM
MD
LG