Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:11

4-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Синоптиктердин айтымында, 4-январда республика боюнча ала булут каптап турат. Кар жаашы күтүлбөйт. Түнкүсүн жана таңга маал Ош, Жалалабад, Баткен аймактарына туман түшөт.

Абанын температурасы:
ЧҮЙ өрөөнүндө түнкүсүн -4...-9, түндүк тарабында -11...-16 градус суук, күндүз +3...+8 градус жылуу.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн -8...-13 градус суук, күндүз +1...+6 градус жылуу.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД облустарында түнкүсүн -1...-6 градус суук, ал эми күндүз +2... +7 градуска жылуу болот.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда абанын түнкү температурасы -2...-7 градус, чыгыш тарабында -7ден...-12 градуска чейин төмөндөйт, күндүз 0...+5 градус жылуу
НАРЫНДА түнкүсүн -17...-22, күндүз -2...-7 градус суук.
БИШКЕКТЕ абанын температурасы түнкүсүн -6...-8 градус суук, күндүз +5...+7 градус жылуу.

Кабарлар топтомун Бурулкан Сарыгулова, Айданбек Ташкенбаев жана областтык кабарчылар даярдады.
Редактору Султан РАЕВ

XS
SM
MD
LG