Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:35

Ош аба майданына конуп-учкан учактардын саны көбөйөт


БИШКЕК. Кыргызстандагы эл аралык «Манас» аба майданы Ош шаарындагы аба майданын реконструкциялоонун экинчи этабы келерки үч ай ичинде аяктайт. Мындай маалыматты «Кыргызинфо» агенттиги таратты. Бул долбоордун алкагында аба майданы жана ага жанаша жайгашкан шаарча толугу менен оңдолуп чыгат. Жаздан баштап бул аэропортто киши жана жүк ташуучу учактардын бардык түрүн учуруп-кондуруу шарты түзүлөт, учуу аймагы жана рейстердин саны көбөйүшү күтүлүүдө. Учурда Ош аба майданынан учактар Дубай, Үрүмчү, Дүйшөмбү, Москва багыттары боюнча учат.

XS
SM
MD
LG