Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Бүгүн цунами аймагына АКШнын Мамлекеттик катчысы келди


Колин Пауэлдин делегациясында Флорида штатынын акими, АКШ президентинин иниси Жефф Буш да бар. Пауэл Таиландда, Индонезияда жана Шри Ланкада болмокчу.

Бириккен улуттар уюмуна бир жумада 1 жарым миллиард доллар соопчулук максатында берилди. Бирок жардамга муктаж адамдардын саны да өсүп, эки миллионго чукулдап калды. 26-декабрдагы цунамиден 11 өлкөдө 144 миң киши каза болду, курмандыктардын саны дагы деле өсүп жатат.

Анын аралыгында, Шри Ланкада аялдардын уюму цунамиден аман калгандар адам кейпин кийген жырткычтарга жем болуп жаткандыгын кабарлады.

Аялдар жана Маалымат бирикмеси деп аталган уюмдун билдирүүсүндө айтылгандай, убактылуу жайларда аялдарды топтошуп алып зордуктаган, аларга асылып, сексуалдык зөөкүрдүк көрсөткөн жана кол көтөргөн учурлар болуп жатат. Шри Ланканын Балдарды Коргоо Улуттук кеңсеси да ушундай кабарлар түшүп жаткандыгын бышыктады. Бирок бул кеңсенин жетекчиси Харенда де Силва полиция кызматкерлери жетишпей жаткандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG