Бул тууралуу кечээ Ак үйдөгү басма сөз жыйында АКШнын президенти Жорж Буш жарыялады. Президент Жорж Буш жана мурдагы президенттер: анын атасы улуу Жорж Буш жана Билл Клинтон америкалыктарга цунамиден жабыр тарткандар үчүн каражат чогултуу чакырыгы менен кайрылды. Кырсыка кабылган чөлкөмгө эмне зарылдыгын тактоо максатында Мамлекеттик катчы Колин Пауэлл баштаган делегация кечээ Таиландга келген. АКШ делегациясы Шри-Ланка менен Индонезияга да барып, бейшембиде Жакартада өтүүчү эл аралык конференцияга катышат. АКШ буга чейин эле чукул жардам ирээтинде региондун өлкөлөрүнө 350 миллион долар убада кылган жана Инди океанга бир нече кемелерин жөнөткөн болчу. Ал эми цунами курмандыктарынын саны 150 миңге жакындады. Мунун аралыгында жабыр тарткандарга жардам көргөзүү иштери ылдамдоодо. Улуттар уюму өз аракетин Индонезиянын жер титирөөнүн эпицентри болгон Суматра жана Ачех провинцияларына бурарын билдирди. Бул эки провинциядагы кыштактардын көпчүлүгү жер бетиненен дээрлик толугу менен жуулуп калган. БУУнун координатору Ян Егеланддын эсебинде жардамга өтө муктаж адамдардын саны 1,8 миллондой.
АКШнын мурдагы эки президенти цунамиден жабыр тарткандар үчүн америкалыктардан жардам чогултуу ишине көмөктөшөт