Өткөн аптада Түштүк-Чыгыш Азияда болгон жер титирөө жана андан чыккан cуу ташкындан жапа чеккендерге дүйнөнүн ар башка өлкөлөрүнөн жардам жөнөтүлүүдө. Жапаниянын коргоо министрлиги аймакка учактар менен кемелерди, аскер менен башка күчтөрдү жиберди, Түштүк Корея гуманитардык жардамдын алгач бөлүнгөн көлөмүн он эсеге көбөйттү. Таиландка АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл менен президент Жорж Буштун бир тууганы, Флорида штатынын губернатору Жеб Буш учуп келди. Пауэллдин айтымында, АКШ аймакка узак мөөнөттү жардам көрсөтөт: "Цунамиден тийген зыян - бүткүл дүйнөлүк трагедия. Америка Кошмо Штаттары жапа чеккендерге узак жардам берет, андай эркибизди биз акыркы күндөрдө көрсөттүк, биз гуманитардык же аскерий гана жардам кылгандан тышкары мүмкүн болгон бардык башка колдоо да көрсөтөбүз. Пауэллдин айтымында, азыркы негизги маселе - эл аралык коомчулук тарабынан бөлүнгөн эки миллиард доллар жардамды кантип бөлүштүрүү. Улуу Британиянын каржы министри Гордон Браундун айтымында, жапа чеккен мамлекеттердин карыздарын төлөөнү токтотсо керек.