Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:51

Түркия Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянына Сирия да кошулуш керек деп эсептейт


Бул тууралуу кечээ Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл билдирди. Ал кечээ Иерусалимде Израилдин премьер- министри Ариэль Шарон, тышкы иштер министри Силван Шалом менен сүйлөшүү өткөрдү:

-Сиздерге балким биз Сирия менен жакшы мамиледе экенибиз белгилүүдүр. Биз бул чөлкөмдө толук тынчтык орношу зарыл жана Сирия тынчтык жараяндын бир бөлүгү болушу керек деп эсептейбиз.

Израилдин тышкы иштер министри Силван Шалом өз кезегинде Сирия оболу палестиналык радикал уюмдардын Дамасктагы өкүлчүлүктөрүн жабыш керектигин билдирди. Түрк тышкы иштер министри бүгүн Палестин автономиясынын жетекчилери менен жолугат.

XS
SM
MD
LG