Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:53

Европанын калкы цунами курмандыктарын эскерет


Евробиримдикке кирген өлкөлөр калктыТүштүк Чыгыш Азияда цунамиден курман болгон 150 миңдей адамды бүгүн түштө үч мүнөткө унчукпай туруу менен эскерүүгө чакырды. Буга байланыштуу Евробиримдикте мамлекеттик желектер да ылдый түшүрүлөрү күтүлүүдө. Цунамиден курман болду же дайынсыз деп эсептелген 10миңден ашуун чет элдик туристтердин көбү европалыктар. Европадан эң жабыр тарткан өлкө Швеция болду.

БУУнун маалыматтарына караганда, кырсыкка кабылган райондорго жардам жеткирүү акыркы күндөрү жакшырды, бирок адам өлүмү эң көп катталган Индонезиянын Ачех провинциясында жардам жеткирү жаатында олуттуу кыйынчылыктар дагы деле бар. АКШнын армиясы жардам көргөзүү иштерине тартылып жаткан тик учактарынын санын эки эсе көбөйтүп, 90го жеткирерин маалымады.
АКШнын цунамиден жабыр тарткан мусулман өлкөлөрүнө көргөзүп жаткан жардамы мусулман дүйнөсүндөгү антиамерикалык маанайдын өзгөртүшү мүмкүн. Мындай пикирин АКШнын мамлекеттик катчысы Коллин Пауэлл билдирди. Ал цунамиге кабылган өлкөлөргө эмне жардам керектигин тактоо максатында азыр дүйнөнүн эң ири мусулман өлкөсү - Индонезияда жүрөт:

-Биз бул кырсыкка адамгерчилик чен-өлчөмдөн улам кайрылып жатабыз. Жабыр тарткан элдин көбү мусулмандар. Биз жардам көргөзүүдө динге таянбайбыз, бирок менимче бул мусулман дүйнөсүнө, дүйнөнүн калган бөлүгүнө Американын кең пейилдигин көрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

АКШ азырынча цунамиден жабыр тарткан Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнө 350 миллион долар убада кылган жана куткаруу, гуманитардык жардамдары жеткирүү жумуштары үчүн аскерий кемелеринин бир нечесин, анын ичинде учактар конуучу кемесин жөнөткөн.

XS
SM
MD
LG