Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:18

6-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун кабарлоосуна караганда, 6-январда республиканын кээ бир жерлерине түнкүсүн кар жаайт. Күндүз кар жаашы күтүлбөйт.Түштүк-батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:
ТАЛАС, ЧҮЙ өрөөндөрүндө түнкүсүн -4...-9 градус суук, күндүз +3...+8 градус жылуу.
ОШ, ЖАЛАЛАБАД, БАТКЕН облустарында түнкүсүн -3 градус сууктан +2 градуска жылуу, күндүз +4... +9 градуска жылуу болушу күтүлөт.
Ал эми ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн -3...-8 градус суук болсо, күндүз 0...+5 градуска жылуу болот.
Тоолуу НАРЫН аймагында түнкүсүн -12...-17, күндүз -4...-9 градус суук.
БИШКЕК шаарында абанын түнкү температурасы –2...-4 градус суук,
күндүз +5...+7 градус жылуу.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктар топтомун Азиза Турдуева менен Аманбек Жапаров жана облустагы кабарчылар даярдашты

Редактор Султан Раев

XS
SM
MD
LG