Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:04

Кыргызстандын чекара бекеттеринин саны көбөйөт.


БИШКЕК. Кыргызстанда үстүбүздөгү жылы коңшу өлкөлөр менен чектеш жерлеринде кошумча чекара бекеттери жана чекара-көзөмөлдөө пункттары ачылат. Мындай иш-чара каралган чекара кызматы тарабынан даярдалган долбоорду өкмөт жактырды. Бул тууралуу 5-январда чекара кызматынын маалымат бөлүмүнөн билдиришти. Жаңы чекара бекеттери Кыргызстандын Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстан менен болгон тоолуу жерлериндеги чекараларында ачылат. Өлкөдө кошумча 15 чекара көзөмөлдөө пункттары негизинен өлкөнүн түштүк чек ара аймактарында ачылышы күтүлүүдө. Учурда Кыргызстанда 17 чекара көзөмөлдөө пункттары бар. Быйыл ошондой эле өлкөнүн чек ара кызматы 500 адамга жогорулайт. Өткөн жылдын декабрь айында президент Аскар Акаев бул тууралуу атайын жардыкка кол койгон. Кыргызстандын чекара кызматын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программага ылайык, анын кызматкерлеринин санын 2010-жылга чейин 10 миңге жеткирүү максаты коюлган.

XS
SM
MD
LG