БИШКЕК. 13-январда премьер-министр Николай Танаев Кытай Эл Республикасынын Синьцзян Уйгур Автоном облусуна иш сапары менен баруусу күтүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Иш сапарында өкмөт башчы эки өлкөнүн ишкерлер ортосундагы байланыштарды жандандыруу жана өнүктүрүү маселелерин сүйлөшөт. Премьер-министр баштап баруучу делегациянын курамын ишкерлер түзөт.
Танаев өткөн жылдын аягында иш сапары менен Шанхай шаарында болуп, ал жерден Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Ли Хуэй, Шанхайдын мэри Хань Чжэнь менен жолугушкан.
Танаев өткөн жылдын аягында иш сапары менен Шанхай шаарында болуп, ал жерден Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Ли Хуэй, Шанхайдын мэри Хань Чжэнь менен жолугушкан.