Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

Экс-элчилердин арызын кароо жылдырылды


БИШКЕК. «Ата журт» саясий кыймылынын тең төрайымы, Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Роза Отунбаеванын арызын кароону округдук шайлоо комиссиясы айрым документтер такталбагандыктан 6-январга жылдырды. Экс-министр Жогорку Кеңештин депутаттыгына Бишкектин №1 Университет шайлоо округу боюнча ат салышуу үчүн округдук шайлоо комиссиясына документтерин тапшырган. Шайлоо комиссиясы анын арызын карап, расмий каттоого алуу үчүн талапкер Кыргызстандын аймагында 2004-жылдын ичинде кеминде 6 ай үзгүлтүксүз турушу керек деп билдирген.

Ал эми Малайзиядагы Кыргызстандын мурдагы элчиси Мамбетжунус Абылов парламентке депутатыкка талапкерлигин коюу максатында Ташкөмүр шайлоо окуругуна мындан он күн мурда арыз жолдогон. Аталган окуругдук комиссия Абыловдун арызын 5-январда карамак эле, бирок белгисиз себептер менен арызды кароо 6-январга калтырылды.

XS
SM
MD
LG