Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:36

Иракта 30 миңге жакын козголоңчулар бар


Ирактын чалгын кызматынын башчысынын айтымында ушул тапта өлкө аймагында 20 миңден 30 миңге чейин козголоңчулар бар. Генерал-майор Абдулла ал-Шахванинин пикиринде козголоңчулар эски режимдин жактоочулары болуп эсептелет жана жыл аягына чейин алар кол салууларын азайтат деген божомол бар. Козголоңчуларды анын жетекчилери Сириянын аймагынан туруп башкарып жатат деген маалыматтар бар. Шайлоо жакындаган сайын козголоңчулардын кол салуусу күчөп жатканы белгилүү. Буга карабай шайлоо өз убагында – 30-январда өтүшү керек деп айтылууда. Ирактын чалгын кызматынын башчысы өз өмүрүнөн корккон айрым шайлоочулар добуш берүүгө барбай коюшу ыктымал дейт.

XS
SM
MD
LG