Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:58

Израилде эмдиги аптада башкаруучу жаңы коалиция жарыяланат


Ашкере динчилдердин «Яхадут ха-Тора» блогу шаршемби күнү курама өкмөткө киргенге макул болду. Премьер Ариэл Шарон муну менен улуттук биримдик кабинетин түзгөнгө мүмкүндүк алды. Жаңы коалиция Шаронго Газа тилкесинен жөөт конуштарын көчүрүп, аскерлерди чыгаруу жөнүндөгү өз планын жүзөгө ашырганга көмөкчү боло алат. Шарондун бу пландарына бир канча партия караманча каршы чыгып,анын айынан мурдагы өкмөттүк коалиция ыдырап кеткен эле.

XS
SM
MD
LG