Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Бейөкмөт уюмдар шайлоого байкоо жүргүзүү камын көрүүдө


БИШКЕК. Жаңы жылдан баштап «Интербилим» борбору шайлоочулардын укуктарын түшүндүрүү боюнча маалымат өнөктүгүн баштады. Үлгү долбоор катары ишке кирген бул иш чара Бишкек шаарындагы Университет, Тоголок Молдо жана Жибекжол шайлоо округдарында жана Ош шаарында өтөт. Ушул эле долбоордун алкагында уюм шайлоо участокторуна добуш берүүгө келген шайлоочулардын санын тактайт. Бул аркылуу уюм добуш берүү деңгээлин аныктоо аракетин көрөт. Бирок, «Интербилим» байкоочуларды даярдабайт. Бул тууралуу уюм маалымат таратты. Ал эми 75 шайлоо округунун 60 байкоочу коерун бүгүн «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы билдирди. «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму 480 байкоочу даярдап, аларды алыскы жана талаштуу аймактарга жайгаштырууну көздөп жатат.

XS
SM
MD
LG