Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:09

«Акыйкат жана прогресс» партиясынын 12 мүчөсү шайлоого барат

БИШКЕК. «Акыйкат жана прогресс» партиясынын 12 мүчөсү Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышат. Бул тууралуу партиянын лидери Муратбек Иманалиев 6-январда билдирди. Анын айтымында, «Акыйкат жана прогресс» партиясынын мүчөлөрү өзүн-өзү көрсөтүү тартиби менен талапкер катары катталууга аракет жасашат. Партиянын курултайы аркылуу көрсөтүлгөн учурда ар кандай тоскоолдуктар пайда болушу ыктымал. Биз ошондуктан өзүн-өзү көрсөтүү жолун тандап алдык, деп белгиледи Муратбек Иманалиев.
XS
SM
MD
LG