Кыш айлары Тγштγк Чыгыш Азияда курортук эс алуу мезгили. Дγйнөнγн бардык булуң – бурчунан бул жылуу аймакта туристтердин жоон тобу эс алууга келишет. Кыргызстандык туристердин тобу да жакында эле кырсык болоордун алдында жекшемби кγнγ таң эрте бул аймакта болуп кайтышкан.
Ал эми Куала – Лумпурда тил тил γйрөнγγ курсунда окуп жаткан бишкектик Акылбек Мейраждинов достору менен жаңы жыл алдында океандын жээгинде болууну самап, Сингапурга барууну ниет кылган. Бирок, ойдо жок жерден багытын өзгөртγп, Тайландын Пхукет аралына барышат. Океандын жээгинде кафеде олтурган учурда γйдөй бийик толкундар келатканын көрγп, Акылбек достору менен качып жөнөшөт, бул каргашалуу кырсык кандай болгонун Акылбек мындайча эскерет:
- Курсташтарым менен океандын жээгиндеги анча чоң эмес кафеде олтурган элек. Бир убакта абдан гүүлдөгөн добуш уктук. Ал добуш улам жакындай берди. Эмне окуя болуп жатканын түшүнбөй, элендеп туруп калдык. Анан көргөн көзүбүзгө ишенүү кыйын. Жээкти көздөй үйдөй бийик толкундар чоң ылдамдык менен түрүлүп келатыптыр. Абдаарып калдык. Анан бутубуз үзүлгөнчө качып жөнөдүк. Көзүң жамандыкты көрбөсүн, толкун урганда эстен тандым. Ал учурду эскерүү мен үчүн абдан оор. Мени менен качкандардын баары аман калган жок. Дайынсыз жоголгондор да бар.Биз жашаган мейманкананы да толкун уруп, талкалап кетиптир. Менин документтерим, акчам, паспортум баары жоголуптур. Бизге Казакстандын Тайланддагы элчилиги жардам берип, үйгө ата- энеме телефон чалып, дайнымды билдирүүгө шарт түздү. Алар Малайзиядагы биздин элчибиз Акбар Рыскуловго мен жөнүндө маалымдашып, биздин элчиликтин биринчи катчысы Бакыт Казакбаевдин жардамы менен жаңы паспорт алып, Куала- Лумпурга барып, анан Бишкекке ата- энемдикине аман- эсен келдим.
Инди океанынын алабындагы суу каптоодон каза тапкандардын саны акыркы маалыматтар боюнча 150 миңден ашты. Дагы миңдеген адамдардын дайын-дареги чыкпай жатат.
Бул окуя тууралуу Акылбектин атасы, Кыргызстандын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер, ардактуу эс алуудагы коомдук жана мамлекеттик ишмер Мейраждин Зулупуев мындай деди:
- Балам “Сингапурга эс алууга барайын” деп телефон чалганда, “Малайзиядан чыкпа” дегем. Балалык кылып, достору менен Тайландга барып, кырсыкка кабылып олтурбайбы. Биз кырсык жөнүндө телекөрсөтүүдөн көрүп, дароо уулума чөнтөк телефонуна чалсам, жооп бербеди. Абдан сары- санаа болдук. Анан үч күндөн кийин Акылбек өзү Казакстандын Тайланддагы элчилигинен амандыгын билдирип, телефон чалды. Ошондогу кубанычты айтпа.
Акылбектин абалын түшүнүп жардам кылган Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Акбар Рыскуловго ата- энеси, туугандары абдан ыраазы. Алар Акылбекти 29- декабрда Тайланддан Куала- Лумпурга элчиликтин кызматкери Бакыт Казакбаев барып, жаңы паспорт берип, алып келген.
Акылбек ушуну менен экинчи ирет ажалдан калды, бактысы тоодой экен, баламдын. Акылбек үч жашында курулуп бүтө элек кабат үйдөн кулап, анда да аман калган. Колу- буту сыйрылганы менен олуттуу жаракат алган эмес. Кудай аны эки ирет сактап, чоң сыноодон өткөрдү.