Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

ДОЛЛАРДЫН АРЗАНДАШЫНАН КИМ УТУП, КИМ ЖОГОТУУДА


Амирбек Усманов, Прага. Дүйнөлүк жүгүртүүдөгү негизги акча-АКШ долларынын кубаттан тайуусу өткөн 2004-жылдын эң башкы экономикалык окуясы болду. Доллардын арзандоосу аны валюта кору катары күткөн өлкөлөрдүн шаштысын алып, айрымдары долларды шаша сата да баштады. Евроакчаны колдонгон өлкөлөрдө товардын өздүк наркы кымбаттап, экспорт кыскарды. Бирок Евробримдиктин жарандары АКШга арзан товар үчүн көп катоочу болду. Ошол эле учурда, АКШлык өндүрүшчүлөр тыш өлкөлөргө товар сатууну көбөйттү.

Акыркы үч жылда АКШ доллары дүйнөдөгү башка кубаттуу акчаларга салыштырмалуу дээрлик 40 процентке, анын ичинде өткөн 2004-жылы 8 процентке арзандады. Доллардын арзандоосу, Кошмо Штаттардагы ишканалардын тыш өлкөлөргө товар экспорттоосун жеңилдетти. Алардын бири Каролина штатында жайгашкан курулуш машинелерин жасоочу “Power Curbers” компаниясы. 45 жылдан бери сырт өлкөлөргө өз продукциясын саткан ширкет былтыр жылды ийгиликтүү аяктады. Компаниянын вице-президенти Стефен Буллок:

–Биз өткөн жылы Европага продукция сатууну 20-25 процентке көбөйттүк. Ал жакта бизнес жасоо кыйындап турганда, биздин экспортту көбөйткөнүбүз чоң ийгилик. Биздин артыкчылыгыбыз, европалык атаандаштарыбызга караганда, товарды арзан сунуш кылганбызда.

Америкалык ишкердин сөзүн Лондондогу Economist Intelligence Unit изилдөө борборунун башэкономисти Робин Бюв да колдойт:

- Эң чоң утук АКШнын өнөр жай тармагыныкы болду. Алар доллардын еврого салыштырмалуу арзандаганынан пайдаланышты.

Жеңүүчүлөрдүн тобуна акчасы долларга салыштырмалуу кымбаттаган өлкөлөр да кирди. Алардын жарандары АКШга дем алышка барууну жана ал жактан арзан товар сатып алууну көбөйтүштү.
Ошондой эле евроакцияга капитал салган инвесторлор утукта калышты.

Доллардын арзандоосу Россия, Кыргызстан, Чехия сыяктуу өлкөлөр үчүн пайдалуу болду. Улуттук акчалардын кубатынын өсүшү инфляциянын деңгээлин төмөн кармоого мүмкүндүк берди.

Ошол эле учурда, продукция баасы доллар менен эсептелген өндүрүшчүлөр зыян тартууда. Алсак, Түркмөнстан үстүбүздөгү айда Украина менен Россияга газ сатууну кыскартты. Анын себебин президент Ниязов мындай деп түшүндүрдү:

–Бул саясый чечим эмес. Тараптар сүйлөшүүдө доллар арзандаганын моюнга алышты. Ырасында эле, доллар 35 процентке арзандабадыбы.

Өткөн айда франциялык шарап жасоочулар да өкмөткө кайрылып, Америкада алардын шарабы кымбаттап, киреше жукараганына көңүл бурушту.

Робин Бюв евромейкиндикке кирген өлкөлөр үчүн доллар алып келген түйшүк тууралуу:

–Евромейкиндиктеги өндүрүшчүлөр менен товар экспортоочулар глобалдык рыноктогу атаандаштыкка туруштук бере албай чоң жоготууга учурашууда. Анын кесепетинен алардын экономикасы аксоодо.

Абалдан чыгуу үчүн европалык айрым саясатчылар Европа Борбордук банкыны жагдайга кийлигишүүгө чакырышты. Ал эми Франциянын финансы министри АКШ, Европа жана Азия биригип, долларды “жөлөп-таяшпаса”, экономикалык кризис” болушу мүмкүн экенин кулак какты кылды.

Бирок, эксперттер азыркы жагдай соода балансын оңдоп алууну көздөгөн АКШ үчүн ыңгайлуу экенин, ошондуктан Вашингтон кошулбаса, башка ири өлкөлөр долларды арзандатпоо үчүн чогуу аракеттене албасын айтышат.

XS
SM
MD
LG