ООНдун гуманитардык программаларын жетектеген Ян Эгеланд табигый кырсыктан жабыр тарткандардын баары жакынкы аралыкта чатырлар, азык-түлүк, таза суу, дары-дармектер менен камсыз кылынарын билдирди. Жардам берүү үчүн колдон келгендин баары жасалат, бир гана адамдардын көңүлүндөгү жарасын айыктара албайбыз, деп кошумчалады ал. ООНдун баш катчысы Кофи Аннандын айтымында, 26-декабрдагы алааматта апат болгондордун так санын эми эч ким аныктап чыга албайт, бирок алар 150 миңден да ашат көрүнөт.