Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:46

Кыргызстанда экс-министрди шайлоо комиссиясы талапкер кылып каттоодон баш тартты


Комиссия адегенде Роза Отунбаеванын депутаттыкка кандидаттыгын бышыктап,күбөлүк да берген эле. Бирок бир нече сааттан соң чукул жыйын өткөрүп, мурдагы чечимин жокко чыгарды. Комиссия мунун себебин биринчи чечим кворумсуз кабыл алынып калганы менен түшүндүрдү. Оппозициянын өкүлдөрү жана айрым депутаттар шайлоо комиссиясынын бул чечимин саясий жүйөөдөгү иш деп баалашты. Роза Отунбаева учурунда өлкөнүн тышкы иштер министри, Кыргызстандын Лондондогу элчиси болгон, соңку жылдары ООНдун карамагында иштеген.

XS
SM
MD
LG