Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:02

7-январь Иса пайгамбардын туулган күнү


БИШКЕК.7-январда Кыргызстанда Иса пайгамбардын туулган күнү белгиленди. Бул майрамга байланыштуу Кыргызстандагы православие динин тутунган христиандардын 42 чиркөөсүндө майрамдык сыйынуулар болуп, эч бир мекеме, ишкана жана окуу жай иштеген жок. Президент Аскар Акаев Иса пайгамбардын туулган күнүнө байланыштуу Кыргызстандагы православдарга жолдогон куттуктоосунда аларга бейкуттук менен ынтымакты каалады. Азыр Кыргызстанда православ багытындагы христиан динин тутунган атуулдардын саны жалпы өлкө калыкынын 17 процентин түзөт жана бул дин боюнча билим берген бир мектеп бар.

XS
SM
MD
LG