Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:20

Отунбаеваны коргоо боюнча комитет түзүлдү


БИШКЕК. 7-январда Бишкекте бир катар бейөкмөт уюм өкүлдөрү жыйын өткөрүшүп, оппозиция өкүлү Роза Отунбаеванын укугун коргоо боюнча комитет түзүштү. Анын жетекчиси болуп белгилүү укук коргоочу, Кыргызстан элдик патриоттук кыймылынын жетекчиси Турсунбек Акун шайланды. Ушул эле күнү «Кылым шамы», «Ашар», «Эрайым» коому, Кыргызстан элдик патриоттук кыймылынын жыйырмага жакын өкүлү Бишкектеги Улуттук университеттин имаратынын алдына пикетке чыгышты. Алар «Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө кысымды токтоткула!», «Дипломаттардын шайлоого катышуусуна жол бергиле!» деп жазылган плакаттарды кармашып, Роза Отунбаеваны депутатыкка талапкер кылып каттоону талап кылышты.

XS
SM
MD
LG