Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:35

Р.Отунбаеванын катталбай калышы мамлекет башчынын тапшырмасы менен болуудабы?


БИШКЕК. «Атажурт» саясий кыймылынын теңтөрайымы Роза Отунбаеваны келээрки парламенттик шайлоого талапкер катары каттабай коюу-бул мамлекет башчы Аскар Акаевдин түздөн-түз көрсөтмөсү менен өкмөт башчы Николай Танаевдин жасаган аракети. Мындай пикирин 7-январда өткөн маалымат жыйынында Кыргызстан элдик кыймылы жана «Атажурт» саясий кыймылынын жетечилери билдиришти:
- Бул-өкмөт башчы Николай Танаевдин түздөн-түз көрсөтмөсү. Өзүңөр билесиңер, ал ачык эле тигил же бул талапкер өтпөсүн деп көрсөтмө берген. Ал эми мындай аракеттердин баары мамлекет башчы Аскар Акаевдин түздөн түз көрсөтмөсү менен болуп жатат. Анткени өкмөт башчыга көрсөтмө берген президент.-деди Мыйзам чыгаруу жыйын депутаты, Кыргызстан элдик кыймылынын жетекчилеринин бири Исмаил Исаков. Ошондой эле маалымат жыйынын катышуучулары эгерде аткаруу бийлиги жогорудагыдай мыйзамсыз аракеттерин уланта бере турган болсо, «Кыргызстан элдик кыймылы», «Атажурт», «Адилет шайлоо өткөрүү» биримдиги, «Жаңы багыт» жана Элдик конгресс бирикмелери жакында кол койгон өз ара кызматташуу тууралуу келишимге ылайык мыйзамдын чегинде митинг, жөө жүрүш, ачкачылык жана башка акцияларга бара тургандыгын эскертти.

XS
SM
MD
LG