Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:07

Р.Отунбаева сотторго кайрылат


БИШКЕК. «Ата журт» саясий кыймылынын теңтөрайымы,мурдагы Тышкы иштер министри Роза Отунбаева Шайлоо Кодексининин 69-беренесине карама-каршы келген аракеттер боюнча Конституциялык сотко кайрылат. Бул тууралуу 7-январда өткөн маалымат жыйынында анын юристи Нурлан Садыков билдирди. Андан тышкары ал №1 Университет округдук комиссиясынын өз чечимин өзү жокко чыгарган фактысы боюнча райондук сотко арыз жолдоорун кабарлады. Ал эми Роза Отунбаева округдук шайлоо комиссиясынын чечимин – саясий чечим катары баалады.Ал бул кабыл алынган маселеге байланыштуу эл аралык уюмдарга билдирүү таркатылгандыгын кабарлады. Анын айтымында, округдук комиссия бийликтин басымы менен мыйзам бузууга аргасыздан баргандыгы кабарланды жана аны эл аралык уюмдар сөзсүз эске алышат. Роза Отунбаеванын юристи Нурлан Садыков округдук шайлоо комиссиясы өзүнүн мурунку чечимин жокко чыгарууга Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Алексей Тергалинскийдин басымы менен барды деп билдирди. Анын билдирүүсү боюнча, буга Тергалинскийдин окуругдук шайлоо комиссиясынын отурумуна катышкандыгын басым деп баалоого болот, себеби, анын комиссиянын ишине катышууга укугу жок.

XS
SM
MD
LG