Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Тажик-өзбек чек арасында жер минасына кабылып, бир тажик жараны курман болду


ДУШАНБЕ. Тажик-өзбек чек арасында жер минасына кабылып, бир тажик жараны курман болду. Тажик радиосунун билдиргенине караганда, Согд районунун тургуну отун терип жүрүп, минаны басып алган. Өзбекстан кошуна өлкөлөрү менен чек арасын миналап салгандан бери ондогон адамдар курман болуп, жараат алышты. Өлкө чек аралардын 2001-жылы "ислам экстремисттерин Өзбекстанга киргизбөө" шылтоосу менен миналап салган. Тажикстандын жетекчилиги чек ара тилкелери менен миналар көмүлгөн аймактар даана белгиленбегенин айтат.

XS
SM
MD
LG