ОШ. Беш жүзгө жакын адам чогулган бул жыйында №37 Мырзаке шайлоо округунан депутаттыкка талапкерлигин коюу үчүн вице-премьер министр Жантөрө Сатыбалдиевге президент тарабынан уруксат берилбей жаткан маселенин төркүнү талкууланды. Жантөрө Сатыбалдиев жыйынга келип катышып, түзүлгөн шартка байланыштуу депутаттыкка талапкер болуп бара албастыгын айтып, элден кечирим сурады. Бирок чыгып сүйлөгөн мырзакелик шайлоочулардын көпчүлүгү Жантөрө Сатыбалдиевден бийликтин каршылыгына карабастан, депутаттыкка талапкерлигин коюусун суранышты. Айыл тургуну Маматемин Исмаилов бийлик депутаттыкка аттана турган чыгаан уулдарга бут тосо бере турган болсо, эл арасында толкундоолор чыгып кетиши мүмкүн экендигин эскертти. Жыйындын аягында президент Аскар Акаевдин атына вице премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин иштен бошотуу жөнүндөгү арызын канаттандыруу жагын сураган атайын кайрылуу кабыл алынды.