Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:11

А.Акаев: “Грузия президентине маянаны Сорос берет”


БИШКЕК. 8-январда Токмок шаарында мамлекет башчы Аскар Акаев Чүй облусунун аймагынын жетекчилеринин (активинин) жыйынына катышты. Жыйында президент алдыдагы парламенттик жана президенттик шайлоону демократиянын негизинде өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөндүгүн билдирди. Алдыдагы шайлоолорго карата ар кандай провокацияларга жол бербөөгө үндөдү. Анын айтымында, өткөн жыл соңундагы Украинадагы президенттик шайлоодон кийин Украина чыгыш -батышка бөлүнүп, аз жерден атуулдук согуш чыгып кете жаздаган. Анын жыйынтыгында "демократпыз" деген күчтөр өлкөсүн оор акыбалга алып келди, ал эми премьер-министрликке дайындалуучу Юлия Тимощенко айым эл аралык издөөдө жүргөн коррупциячы, - деди президент А.Акаев. Ал эми Грузияда “баркыт” революциясынын аркасында бийликке келген Михаил Саакашвили тууралуу:

- Карагылачы, учурда Грузиянын президенти Саакашвили жана анын министрлери океандын ары жагындагы Соростон маяна алып иштөөдө. Анан кантип биз аларды көз карандысыз мамлекет деп айтабыз, - деди Аскар Акаев.

Айрым оппозициялык күчтөр Акаевдин мындай билдирүүсүн Тбилисидеги жана Киевдеги ынкылаптарга каршы болгон Орусия бийлигине жагынуучулук аракети катарында баалашууда.

XS
SM
MD
LG