АКШ конгрессмени Том Лантос төрт күндүк сапар менен Түндүк Кореяга келди. Өлкөнүн жетекчилери менен жолукканда, ал өзөктүк изилдөөлөрдөн чыккан маселелерди жана адам укуктарынын абалын талкуулайт. "Түндүк Корея менен биздин шерик мамлекеттер Жапания, Түштүк Корея, Кытай жана Орусия ортосундагы мамилени кызматташуу деңгээлине чыгарууга мен бардык мүмкүн болгон аракетти көрөм". Өлкөнүн өзөктүк программаларынан чыккан маселе буга чейин үч эл аралык жыйында талкууланган, бирок өткөн сентабрга белгиленген төртүнчү жыйынды Пхеньян бойкоттогон.