Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:23

Ирактын Абу-Грейб түрмөсү менен байланыштуу сот иши АКШда жүрүп жатат.


Ирактын "Абу-Грейб" түрмөсүндө мурда иштеген адис Чарльз Грейнердин соту АКШнын Техас штатында уланууда. Абакта кармалган үч ирактык жаран бүгүн видео аркылуу суралат. Грейнердин адвокаты Гай Вомактын айтымында, катардагы адистер жогорку деңгээлдеги жетекчилерге садага болуп жатат: "Биздин пикирибизде, Грейнер жөн гана буйруктарды аткарган. Эгер ал буйруктар мыйзамдуу болсо, Грейнерде эч күнөө жок. Эгер ал буйруктар өздөрү мыйзамды бузган болсо дагы Грейнер күнөөсүз, анткени ал аны билген эмес, ал жөн гана берилген буйруктарды аткарган". "Абу Грейб" түрмөсүндөгү кайтаруучулар абактагыларды мазактап-кордогон жана эгер Грейнер күнөөлүү деп табылса, 17 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG