Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:15

Кофи Аннан Шри-Ланканын суу ташкындан кыйраган аймактарын кыдырып чыкты.


Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан Шри Ланка өлкөсүндө болуп, суу ташкындан жабыркаган аймактарды кыдырып чыкты, аны Дүйнөлүк банктын президенти Жеймс Вулфенсон коштоп жүрдү. Аннандын айтымында, дүйнөлүк коомчулук Шри Ланкага жетиштүү жардам көрсөтөт, өлкөдө 30 миңден ашык адам набыт кетти. Бардыгы болуп Түштүк-Чыгыш Азияда өлгөндөрдүн саны 150 миңден ашты, алардын эң көбү - 104 миң адам - Индонезияда курман болду. Өлкөнүн "Жакарта пост" гезити 8-январда жазып чыкканга караганда, Индонезиянын чарбасын калыбына келтирүү үчүн келерки беш жыл ичинде эки миллиард 200 миллион доллар керек.

XS
SM
MD
LG