БИШКЕК. 11-январда Борбор Азиядагы мамлекеттердин жана Пакистан, АКШнын Коргоо, Тышкы иштер министрликтеринин жана тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү Германияда жолугушат. Анда Борбордук Азия менен Түштүк Азиядагы мамлекеттердин коопсуздук жана терроризмге каршы күрөшүүдө кызматташуусун тереңдетүү маселеси талкууланат. Андан тышкары жыйындын катышуучулары улуттар аралык араздашууларды азайтуу, баңги соодасына каршы күрөштү күчөтүү маселелерин да карашат. Жыйынды АКШ менен Германиянын коргоо мекемелеринин билим берүү жана изилдөө багытында иш жүргүзгөн Маршалл атындагы Европалык изилдөө борбору уюштурууда.