БИШКЕК. 8-январдан бери Интернеттеги электрондук почта аркылуу кыргыз оппозиционерлеринин ортосундагы ажырым тууралуу маалыматтар таратыла баштады. 9-январда мындай кабарды «Independent news» деген даректеги белгисиз автор таратып, анда Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаровдун Аксы районундагы шайлоочулары экс-премьер министр Курманбек Бакиев башында турган «Кыргызстан элдик кыймылын» колдобой, депутаттын ал кыймылдан чыгуусун талап кылып жаткандыгын жарыя кылды. Депутат Азимбек Бекназаров Аксы районунан жаңы эле кайтып келгендигин жана шайлоочуларынын мындай талаптан кабары жок экендигин ушул эле күнү төмөнкүчө билдирди: Каттын мазмуну менен стилистикасына караганда, аны Ак үйдө олтурган адамдар жасаган маалымат окшойт. Анткени,Курманбек Бакиевди кыймылдан алыстатып, кыймылдын ичинде ажырым жасоо үчүн атайын ойлонулуп жасалган каттар деп эсептейм.