Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

Д.Садырбаев: «Президент башка өлкөлөрдүн ишине кийлигишти»


БИШКЕК. «Президент Аскар Акаев 8-январда Чүй облусунун калкы менен жолугушууда Грузиянын президенти Михаил Саакашвили жана Украинанын өкмөт башчысы болушу күтүлүп жаткан Юлия Тимошенко тууралуу айткан сөздөрү Кыргызстан менен аталган эки мамлекеттин мамилесин салкындатышы мүмкүн»,-деп билдирди 9-январда Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дооронбек Садырбаев. Анын билдирүүсү боюнча, кыргыз президенти өлкө ичинде жүрүп жаткан саясий кырдаалдан улам башка мамлекеттердин жетекчилерине мүнөздөмө берүү менен алардын ичики ишине кийлигишти. Президент Аскар Акаев 8-январда Чүй облусунун тургундары менен Томок шаарында жолугушкан маалда Грузияны көз карандысыз мамлекет катары караганга айрым кырдаалдар жол бербесин белгилеп, президенти менен өкмөт башчысынын Жорж Соростон айлык алгандыгы менен сыймыктанууга болбостугун билдирген. Ал эми Украинанын өкмөт башына келет деп жаткан Юлия Тимошенко КМШ алкагындагы чоң коррупцияга малынгандардын бири деп, эл аралык издөөдө экендигин белгилеген.

XS
SM
MD
LG