Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Кофи Аннандын Шри Ланкага сапары карыды


Бириккен Улуттар уюмунун баш катчысы бул өлкөнүн бардык аймактарын көрүүгө ынтызар экенин билдирди. Шри Ланканын борбордук өкмөтү менен тамил козголоңчуларынын ортосундагы тирештен улам, Кофи Аннан тамилдер кармап турган түндүк аймактарга бара алган жок.

Катчы менен чогуу жүргөн Дүйнөлүк Банктын жетекчиси Жеймс Вульфенсон зарыл болсо банк 1 жарым миллиард доллардык жардам көрсөтөт деп билдирди.

Германиянын тышкы иштер министри Йошка Фишер цунамиден жапа чеккен Таиланддын түштүгүндө курмандыктарды эскерүү тажиясына катышты.

Индонезиянын жээк аймагындагы жер титирөөдөн чыккан топон сууда Азия өлкөлөрүндө 150 миңден ашык кишинин өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG