Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:20

Иракта жети украин, бир казак аскери жан таслим болду


Украинанын Коргонуу министрлиги аскерлердин Ирактын түштүгүндө авияциялык бомбаларды жүктөп жатканда каза болгонун билдирди. Дагы жети украин жана төрт казак аскери жарадар экендиги кабарланууда.

Мындан тышкары Багдаддан түштүгүндөгү Юсуфия шаарында жан кечтинин дүрмөттөлгөн машинасы текшерип-өткөрүү бекетин келип сүзгөндө эки полициячы жана эки карапайым адам мүрт кетти. Самарада шаар полициясынын убактылуу жетекчиси атып өлтүрүлдү.

Багдадда жолдо бомба жарылып, бир америкалык аскер набыт болду. Өткөн түнү америкалык аскерлер Багдадда бараткан автокербенди аткылашып, кеминде беш ирактык, анын ичинде үч карапайым киши каза тапканын Ирактын полициясы билдирди. Кечээ АКШ армиясы Мосул шаарындагы үйдү адашып бомбалап алганда, бир нече карапайым адам, анын ичинде аялдар жана балдар өмүрүнөн ажыраган эле.

XS
SM
MD
LG