Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:23

Палестин жергесинде жаңы президентти шайлоо өтүп жатат


Батыш Жээктин жана Газа Тилкесинин тургундары бүгүн кеч күздө көз жумган Ясер Арафаттын ордун баса турган кишини тандашууда. Добуш берүүнүн жүрүшүндө күтүлбөгөн же чырлуу окуялар катталган жок. Шайлоочулар көп келгендиктен, добуш берүүнүн мөөнөтү эки саатка узартылды. Сурамжылоо Палестинаны Боштондукка Чыгаруу уюмунун учурдагы жетекчиси Махмуд Аббастын жеңе тургандыгын көрсөтүүдө.

Добуш берип жатканда Махмуд Аббас палестин жергесинде демократиялык жараян орун алып, анын ойдогудай өнүгүп жатканын билдирди.

1 миллион 800 миңдей палестиндин добуш берүүгө укугу бар. Алдын-ала жыйынтык бүгүн түнү белгилүү болот. Жети талапкер ат салышууда.

XS
SM
MD
LG