Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:30

Виктор Ющенко президент болор замат украин аскерлери Ирактан чыгаруунун аракетин кылат


Украинадагы президенттик шайлоонун жеңүүчүсү Виктор Ющенко - ал ырасмий түрдө кызматка киришкенден кийин өкмөттүн башкы вазийпасы - Ирактан украин аскерлерин чыгарып кетүү болорун жарыя кылды.
Ющенко билдирүүнү жекшемби күнү Иракта украиналык жети жоокер капылет болгон жардыруудан өлдү деген кабарды уккандан кийин жасады.

Ирактын ортолугундагы Уасит аймагандагы капылет жардыруудан украиналык аскерлерден башка да бир казакстандык аскер өлүп, дагы жети украин, төрт казак жоокери жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG