Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:09

Нарын шаарына соңку эки айдан бери пенсия берилбей жатат


НАРЫН. «Кыргыз почтасы» ишканасынын Нарындагы бөлүмүнүн башчысы Турар Султангазиевдин айтымында, Нарын шаарында декабрь айына 4.400 миң сом пенсия таратылышы керек болсо, учурда 1. 500миң сом таратылды. Ал эми Нарын районуна 4.600 миң сомдун ордуна 2.500 миң сом пенсия берилди. Пенсиянын калганын таратууга азырынча акча жок, ноябрь, декабрь айлары үчүн пособиелер да элге жете элек. Анткени, азырынча акча которулбай турат. Бирок ушул январь айында бардык карыздарды жабабыз, дейт Турар Султангазиев. Буга чейин пенсия кирешенин жалгыз булагы болгон Нарын шаарынын ардагерлери нааразылык акциясына чыгабыз деп жергиликтүү бийликтегилерге билдиришкен.

XS
SM
MD
LG