Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:18

Николай Танаев Кытайда энергияны сатуу маселесин талкуулайт


БИШКЕК. Премьер-министр Николай Танаев баштаган өкмөттүк делегация 13-январда эки күндүк иш сапары менен Кытайдын Шинжаң уйгур автоном районуна барат. Иш сапардын учурунда делегация Үрүмчү, Артыш, Кашгар шаарларында болуп, расмий жолугушууларда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык карым-катыштар тууралуу сүйлөшөт. Кыргызстандын энергиясын Кытайга жана ал аркылуу үчүнчү өлкөгө сатуу тараптар талкуулай турган башкы маселелердин бири болот. Кытай тараптан делегацияны Шиңжаң уйгур автоном облусунун элдик өкмөтүнүн төрагасы Исмаил Таливерди, партиялык катчы Ван Лэцюань, Кызылсуу автоном облусунун элдик өкмөтүнүн башчысы Мамбетасан Токтаалы уулу кабыл алат.

XS
SM
MD
LG