Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:08

Түштүк-Чыгыш-Азияда табият кырсыгынан жабыркагандарга жардам берилет


БИШКЕК. Түштүк-Чыгыш Азияда табият кырсыгынан набыт болгондордун жакындарына колдоо корсөтүү максатында 10 - январда Бишкекте кайрымдуулук марафону өткөрүлдү. Ага өлкөдөгү министрликтердин, Бишкек шаардык бийлигинин өкүлдөрү жана табигат кырсыгында жабырлангандарга жардам берүүнү каалаган атуулдар катышты. Президенттик администрациянын тышкы байланыштар бөлүмүнүн өкүлү Ирина Оролбаеванын айтымында, марафондо чогулган каражатка жакынкы эки-үч күндүн аралыгында керектүү нерселер сатылып алынат жана атайын учак менен Делиге жөнөтүлөт.
Түштүк-Чыгыш Азияда 26-декабрда болгон жер титирөөдөн чыккан суу ташкынынан 160 миңден ашуун адам жан таслим болгон.

XS
SM
MD
LG