БИШКЕК. «Кабар» агенттигинин тараткан маалыматына караганда, Кыргызстандагы шайлоо өнөктүктөрүнүн алдында өлкөгө келген чет өлкөлүктөрдүн саны өстү. Маселен, өткөн жети айда 54 миң чет өлкөлүк келген. Алардын 14 миңден ашыгы Германиянын, 12,4 миңден ашыгы АКШнын, 11 миңден ашыгы Түркиянын атуулдары болушкан. Франциядан, Британиядан келгендердин саны 3-3,4миң, Чыгыш Европанын 9 өлкөсүнөн 2,4 миң жаран келишкен. Мындай маалымат чегара кызматына шилтеме берип таратылды. Агенттиктин жазышынча, парламенттик шайлоонун алдында Кыргызстанга байкоочу катары чет өлкөлүк жарандар дээрлик Батыш жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнөн арбын келери болжолдонууда.