БИШКЕК. Оппозиция өкүлү Роза Отунбаеванын талапкерлери нааразылык акциясын өткөргөн Эски аянтка бүгүн (10-январда) көк желек көтөргөн 200гө жакын атуул бир нече автоунаа менен келди. Атаандаш пикет уюштургандар «Аскар Акаевге даңк!», «Парламент тарасын!», «Элди дүрбөткөн депутаттардын бизге кереги жок!» деген ураандар жазылган плакаттарды кармап турушту. Көк желек көтөргөндөрдүн көпчүлүгү журналисттерге өздөрүнүн кайдан келгендигин айтуудан баш тартышты. Атын атагысы келбеген бир атуул аларды жергиликтүү бийлик өкүлдөрү «Акүйдүн» тапшырмасы боюнча Бишкектин туш тарабындагы мектептерден жана мамлекеттик мекемелерден чогултуп келишкендигин маалымдады. Андан соң белгисиз адамдардын айрымдары Роза Отунбаеванын тарапкерлери менен Аскар Акаевди жактагандардын ортосунда пикир келишпөөчүлүктү уюштурууга аракет жасашып, чагымчыл маанайдагы сөздөрдү айта башташты. Көп өтпөй оппозициячыл маанайдагы пикетчилер провокациячыл шыкактоодон улам кандайдыр бир кагылышуу чыгып кетпесин деп чочулашып, үйлөрүнө тарашты. Андан соң Акүйдү жактоо үчүн келген адамдардын тобу да автоунааларына түшүп, таркап кетишти.