Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Бишкектеги Эски аянтта нааразылык иш-чаралары улантылды


БИШКЕК. «Атажурт» кыймылынын теңтөрайымы Роза Отунбаеваны колдогон оппозициячыл күчтөрдүн өкүлдөрүнүн нааразылык акциясы 10-январда Бишкекте улантылды.

Бул күнү пикетке «Атажурт» бирикмесинин жана курамына 9 партия кирген Кыргызстан элдик кыймылынан баш-аягы 150 чамалаш өкүл чыгышты. Алар аткаруу бийлигинен Кыргызстандын АКШ, Улуу Британиядагы мурдагы элчиси Роза Отунбаеваны парламенттик шайлоого талапкер катары каттоону талап кылышты.

Бишкектеги №1 Университет шайлоо округундагы шайлоо комиссиясы оппозиция өкүлү Роза Отунбаеваны келээрки парламенттик шайлоого талапкер катары каттоо тууралуу 6-январда кечинде чечим чыгарган. Ошол эле күнү түн жарымында комиссия шашылыш жыйын өткөрүп кайрадан мурдагы чечимин жокко чыгарган.

Оппозиция өкүлдөрү мындай чечимди мамлекет башчы Аскар Акаевдин түздөн-түз кийлигишүүсүнөн улам кабыл алынган саясий чечим деп баалашууда. Бейрасмий булактарда №1 Университет шайлоо округу боюнча мамлекет башчы Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаева депутаттыкка ат салышаары тууралуу жоромолдор айтылууда, бирок шайлоо бийлиги бул маалыматты азырынча тастыктаган жок.

XS
SM
MD
LG