Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:30

ОРУСИЯ МЕНЕН ГРУЗИЯ ЖЭЭКТЕРИНЕ ПАРОМ ЖҮРӨ БАШТАДЫ


Муса Мураталиев , Москва. Орусия менен Грузия ортосунда түз каттачу темир жол түйүнү ачылды. ИТАР-ТАСС агенттиги таркаткан маалымат боюнча дүйшөмбү күнү Тблиси калаада Орусия транспорт министри Игорь Левитин менен Грузиянын экономикалык өнүгүү министри Алекси Алексишвили тийешелүү келишимге колдорун коюшкан. Ушул айдын ортосунан тартып Кавказ портунан чыккан паром грузиялык Поти портуна аптасына үч жолудан каттачу болот. Паром ар бир жолу 25тен темир жол вагонун суунун өйүзүнө жана ошончо вагонду суунун бүйүзүнө өткөрүүчү болот. Эки мамлекет ортосунда темир жол аркалуу байланыш 1992- жылдан бери, Абхазияда согуш чыккандан бери үзүлүп калган эле.

Жакында Грузия менен Орусия ортосунда темир жол катнашы кайра калыбына келгени атат. Калыбына келгени атат дегенибиз, бул өлкөлөр оротосунда катнаш мурда бар эле. Бирок ал катнаш мындан 12 жыл мурда, так айтканда, Абхаз согушу чыкканда тыйылып калган.

Эми болсо Краснодар крайынын Кара деңизди сүзүп жаткан жээгиндеги Кавказ портунан паром сүзүп чыгып ал Грузиянын таанымал калаасы Потиге келип туруучу болот. Паром порттон портко дейре үстүнө 25 вагон сыйган темир жолду жүктөп алып аптасына үч жолу ары бери каттап турмак болуп атат.

Андай мүмкүнчүлүк бул күндөрү Грузияда ырасмий конок болуп жүргөн Орусиянын транспорт боюнча министри Игорь Левитин жана Грузиянын экономикалык өнүгүү министри Алекси Алексишвили колдору коюлуп бышыкталган келишим негизинде пайда болгон.

Грузиянын мамлекеттик министри Каха Бендукидзе бул келишим тууралуу мындай пикир айтты:

Бул абдан маанилүү келишим. Анын негизинде эми жүктү Орусиядан Грузияга жана кайра ташуу мүмкүндүгүн алдык. Бул долбоорго биз өтө зор маани беребиз, - деди.

Поти калаасында кол коюушуу каадасы маалында орусиялык министр Левитин айткан пикирге караганда, бул темир жол түйүнү жалгыз эле Грузияга пайда алып келбейт. Аны эми Армения, Азербайжан ал тургай Борбор Азиялык өлкөлөргө алып келет. Андан аркы кебинде ал:

Паром менен суу кечкен жол – бул КМШ өлкөлөрүн баш коштуруу үчүн салынган жол. Эми аны Шериктештикке кирген мамамлекеттер баары пайдалана алышат. Азыркы учурда транспорт кызматышуунун алдында жүрүшү абзел болуп калды, - дейт орусиялык министр.

Албетте, Тблиси менен Москванын ортосунда карама- каршылык ким кимдин эсинде. Ал баарыдан мурда Түндүк Осетия, Ажария жана Абхазияны талашуудан келип чыккан. Ал тарапка поезд жүрбөй калуу 1992- жылы Абхазия согушу чыкканда орусиялык саясий төбөлдөр демилгеси менен болгон. Бул келишимде ал маселе тараптар эсинде болгонун биздин Грузиядагы кабарчыбыз Кобаладзе айтат:

Тараптар негизинен Абхазия жери аркалуу өтүп жүрүүчү темир жолду кайра калыбына келтире баштоону да макулдашышты, - деди ал.

Ошондуктан анализчилер бул жолку эки тараптуу келишим артында экономикалык гана маани эмес, саясий да шаани жатат дешет

XS
SM
MD
LG