Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:27

Индонезия өзүнүн тышкы карыздары жеңилдетилишин көздөөдө


Эл аралык коомчулукту карыздарды жеңилдетүүгө өлкөнүн тышкы иштер министи Хассан Вираюда чакырды. Ал бүгүн Лондондо британ премьери Тони Блэр менен кездешти. Индонезия - жер титирөөдөн жана океандын андан улам чыккан толкуну-цунамиден жабыр тарткан өлкөлөрдүн бири. Ал эми мунун алдында Жакартада немец тышкы иштер министри Йошка Фишер Индонезия президенти Сусило Бамбанг Йодхойоно менен жолугуп, анын соңунан Германия цунамиге кабылган Азия өлкөлөрү карзыдарын төлөөнү токтото туруусун колдоого даяр экенин маалымдаган:

-Биз жаратылыш кырсыгына кабылган өлкөлөрдүн карыздарды төлөөсүнө мораторийден баштап, баардык мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоого даярбыз. Мен түшүнгөндөн Британия, АКШ, башка өлкөлөр ушундай эле ойдо. Менимче баардык маселелер кредитор өлкөлөрдүн Париж клубунда конструктивдүү маанайда талкууланышы керек. Биз демилгени колдоого даярбыз.

Париж клубунун министрлер деңгээлиндеги жыйыны шаршембиде болот. Мунун аралыгында, БУУнун башкатчысы Кофи Аннан цунамиден жабыр тарткан өлкөлөрдү кыдыруусун улантып, бүгүн Мальдив аралдарына болду.

XS
SM
MD
LG