Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Ирактык козголоңчулардын бомба чабуулу көбөйдү


Ирактык козголоңчулар жекшемби күнү Багад полициясынын орун басар акимин атып кетишти.
Амер Али Наяф менен кошо анын уулу жана күзөтчү офицер да набыт болушту.

Чабуул үчүн жоопкерчиликти “ал-Каида” менен байланыштагы теги иорданиялык террорчу Абу Мусаб аз-Заркавиге ишенимдүү топ өзүнө алды.

Дүйшөмбү күнү Багдадда жолго коюлган минадан америкалык эки жоокер өлүп, дагы төрт жоокер жарадар болушту. Ошондой эле Ирак полициянын төрт кызматкери мерт кетти. Дагы 10 полицай жараат алды.

Түндүктөгү Мосул шаарында бомбага кабылып, Ирактын улуттук гвардиясынын үч жоокери набыт болду.

Убактылуу өкмөт башчы Аяд Аллави козголоңчу деп шектелген 137 адам кармалганын, алардын ичинде “Жаиш Мухаммад” армиясынын жаңы колбашчысы
Раад ад-Даури бар экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG