Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:22

2005-жыл социалдык туруктуулук менен турак-жай куруу жылы


БИШКЕК. 2005-жыл Кыргызстанда социалдык туруктуулук менен турак-жай куруу жылы деп аталды. Аны 11-январда өткөн жыйында президент Аскар Акаев жарыя кылды. Президент андан тышкары саясий тармакта бул жыл кыргыз дипломатиясынын жылы деп аталаарын жана шайлоолорго байланыштуу демократиянын салтанаты өкүм сүрүп, мыйзам үстөмдүк кылган жыл болоорун билдирди. Шайлоо маселесине кайрылган президент Аскар Акаев депутаттыкка талапкер болуп үч эле талапкер катталганына карабастан, оппозиция өкүлдөрү Кыргызстанга революциянын сары тумоосун жугузууга аракет кылып жатат деп белгиледи. Ал эми социалдык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн үйү жоктор үчүн муниципалдык менчиктеги жана кооперативге тиешелүү үйлөр курулаарын, аны жөнгө салуу үчүн Каржы министри башында турган атайын комиссия түзүлгөндүгүн кабарлады.

XS
SM
MD
LG