Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:36

Бишкектеги үйлөргө сырдуу сөздөр жазылууда


БИШКЕК.10-январдын түнүндө саргыч түс менен жазылган ыплас сөздөр «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев турган Орозбеков атындагы көчөнүн 112-үйүндө пайда болду. «Доллар+Отунбаева», «Оппозиция жоголсун» деп жазылып, америка долларынын сүрөтү кошо тартылган андай сөздөр буга чейин «Сары-Челек» мейманканасынын имаратында, «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров турган үйлөрдүн бетине жазылган. Топчубек Тургуналиевдин айтымында, бул бийликтин кыргыз оппозиционерлерине каршы багыттаган психологиялык согушу. Ушундан улам ал президент Аскар Акаевге кайрылып, 25-26-декабрдагы түз эфирдеги телекөрсөтүүдө оппозиция чет жерден каражат алып жатат деген билдирүүсүндө айтылгандар кимдер экендигин жана ким, кайдан канча каражат алгандыгын тактап берүүнү талап кылууда.

XS
SM
MD
LG