БИШКЕК. «Интернет» мейкиндигинде маалымат согушун баштаган адамдар жаза алууга тийиш. Мындай талапты тиешелүү мекемелерге тапшыргандыгын 11-январда өкмөт башчы Николай Танаев билдирди. Анын билдирүүсү боюнча, ага жаңы жыл алдында Интернетте өзү жашыруун жыйын өткөрдү деген маалыматтын пайда болгондугу түрткү болгон. Танаев өзү жөнүндөгү маалыматты түштүк аймагындагы калкты бийликке каршы тукурууга аракет кылган күчтөр жасады деген бүтүмгө келген. Ал эми буга чейин «Кыргызстан элдик кыймылынын» төрагасы Курманбек Бакиев менен депутат Азимбек Бекназаровдун шайлоочуларын, «Ата журт» кыймылынын теңтөрайымы Роза Отунбаева менен депутат Адахан Мадумаровду кагылыштырууга аракет кылган маалыматтар пайда болуп, оппозиция өкүлдөрү аны бийликтин көрсөтмөсү менен атайылап жасалып жатат деп баалаган.